Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 8 миңге жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 373 | 0

Акыркы бир суткада Тажикстанда коронавирустук инфекциянын жаңы 38 учуру аныкталды. Бул тууралуу Covid-19дун алдын алуу үчүн түзүлгөн бирдиктүү порталга таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

86 адам коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, 45 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган, бир сутка ичинде өлүм катталган жок.

30-апрелден бери өлкөдө жалпы коронавируска кабылган адамдардын саны 7 950 кишиге жетти, алардын ичинен 6 741 бейтап айыгып, 63 адам көз жумду.

Учурда республиканын 85 ооруканасында 7 500дөн ашык дарыгерлер жана 25 миң фельдшердик кызматкерлер иштеп жатышат. Республиканын алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык-санитардык жардам мекемелеринде 7 600 дарыгер жана 24 миңден ашык орто медициналык кызматкерлер калкка кызмат кылууда. Алар оорунун алдын алуу жана алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM