Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-августта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+30;
Таласта түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +5…+15, күндүз +21…+26.
Бишкек шаарында 11-августта жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.