Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.
Бишкектин буга чейинки казысы Садриддин Мажитов 10-июлда каза болгон.
Замир каары Ракиев 2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болгон.
2008 -2010-жылдары ушул эле медреседе директор;
2010 – 2011-жылдары Нарын облусунун казысы;
2011 -2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
2016- 2017-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.