Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БАЭ менен да туруктуу эл аралык аба каттамдарын жандандырды

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 469 | 0

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен да туруктуу эл аралык аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев брифингде билдирди. Анын айтымында:

-«Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу каттайт. Ошондой эле Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу учат.

-«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу каттайт;

-«Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу каттам аткарат;

-«ФлайДубай» авиакомпаниясынын учагы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу учат.

Курманбек Акышевдин айтымында, августка чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылып, 25 миңден ашуун жаран алынып келинди. Бүгүнкү күнү чартердик каттамдарды аткаруу уланууда.

Ошондой эле  5-июндан тарта Бишкек-Ош-Бишкек маршруту боюнча ички авиакаттамдар кайрадан жандандырылган. Биринчи каттам ушул жылдын 8-июнунда аткарылган, бүгүнкү күндө “Тез жет» авиакомпаниясы көрсөтүлгөн багыт боюнча үзгүлтүксүз негизде каттамдарды аткарып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM