Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жаңы сериал тартылууда

Кыргызстанда «Таң алдында» деген аталыштагы жаңы сериал тартылып жатат.  Бул тууралуу сериалдын аткаруучу продюсери Толкун Дайырбекова «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, сериал 8 бөлүктөн турары пландалууда. Ал август айынын аягында элге тартууланат.

«Сериал жаңы ыкмалар менен тартылып жатат.  Тартуу процесси дагы башкача, себеби ар бир бөлүгү тартылып бүтүп, монтаждалып, андан кийин гана кийинки бөлүгүнө сценарий жазылып, тартылууда. Сериалда азыркы учурдагы болуп жаткан актуалдуу темалар, коронавируска чалдыккандар, пандемия учурунда ыктыярчылар кандай иш алып барганы, негизи эле жашоодо болуп жаткан окуялар чагылдырылган. Сүйүү, достук, ата-энеге болгон мамиле камтылган», — дейт продюсери Дайырбекова.

Башкы ролдордо Ринат Төрөмамбетов, Аскар Качкынбаев, Айсанат Эдигеева, Айсалкын Кыйыкбаева, Эгемберди Бекболиев сыядуу актерлор ойноп жатат, мындан тышкары эпизоддук ролдордо Алтынай Нарбаева, Сьездбек Искеналиев, Нурсултан Майназаров катышат.

Сериалдын продюсери — Нурлан Мирзаматов, режиссеру  -Айбек Дайырбеков, сценарий жазган — Азимхан Рахатов, оператору — Мирлан Саткымбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM