Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктары кеңейтилди

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 554 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Анын максаты мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстандагы укуктук абалына, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп эсептелет.

Жаңы кабыл алынган мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилип жатат:

— «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу» деген түшүнүк киргизилүүдө.

— Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

— алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүктөргө;

— Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

— Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес;

— Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу, узартуу, токтотуу жана андан ажыратуунун тартиби, тиешелүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Өкмөтү тарабынан аныкталат;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасын жол-жоболоштурбастан Кыргызстандын аймагына кирип-чыгып турууга, транзит менен өтүүгө, ары-бери жүрүүгө жана анда турууга укуктуу;

—Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына укуктуу;

— Эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM