Биз менен байланышыңыз

Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо акциясы башталды

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 397 | 0

Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо боюнча акция башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Акция министрликке караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмѳтүнүн, Европа биримдиги, Кыргызстан, Ага Хан фонду жана ПРООНдун каржылык колдоосунда өтүүдө. Ал 25-августка чейин уланат.

Донорлор тарабынан иш-чарага 17 миң 620 доллар бѳлүнгѳн. Бул каражат альпинист-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын тѳлѳѳгѳ, чогултулган таштандыларды Ленин чокусунан Дароот-Коргон айылында таштанды полигонуна чыгарууга жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

2018-2019-жылдары Кыргызстандын альпинисттик клубунун Нэпиер Эдинбург Университети менен биргеликте ѳткѳрүлгѳн изилдѳѳлѳрүнѳ ылайык, Ленин чокусунда экологиялык кырдаал начар экени аныкталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM