Биз менен байланышыңыз

Президент чек ара маселесин тактоодо жылыш бар деп эсептейт

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 1005 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну кээде турмуштук маселелер да курчутуп жиберет деп эсептейт.

Ошондуктан жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатканын билдирет. Өлкө башчы бул тууралуу “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Жээнбековдун пикиринде, кыргыз-тажик чек араларын тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде жылыштар бар, бирок чечиле элек.

Чек ара маселесин чечүүдө, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыктары эске алынышы шарт. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Маселенин татаалдыгы да мына ушунда. Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Айрыкча кыргыз-тажик чек ара участоктору боюнча талкуу уланууда. Мен тажик коллегам Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолукпайлы, чек ара маселесин дайыма талкуулайбыз”, -дейт Жээнбеков.

Президенттин айтымында, өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын вице премьер-министри Акрам Мадумаров Кадамжайда аким, Баткенде губернатор болгондуктан, бул көйгөйдү жакшы билет.

Чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш айылдарда, райондордо социалдык-экономикалык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулууда.  Баткен менин өзгөчө көңүлүмдүн борборунда. Жолдорду оңдоо, мектеп, ФАП, оорукана, бала бакча ж. б. социалдык объектилерди курууга көп көңүл бурабыз”.

Өлкө башчы чек ара маселеси Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе экенин, ал бир тараптуу чечилбей турганын кошумчалайт.

6-августта Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган, кыргыз тараптан да ок менен жооп болгон. Анын жыйынтыгында кыргыз чек арачыларынын бири колунан жаракат алды. Ошондой эле тажикстандык басылмалар бир тажик тургуну октон алган жараатынан улам каза болгонун маалымдады.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурлан Шайбек уулунун айтымында, азырынча бул окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Ошол эле күнү кечке маал Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан тараптан белгисиз бирөө ок чыгарган. Натыйжада тургун оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Эки жеринен жараланган тургундун абалы туруктуу оор бойдон калууда. Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков бейтапты аман алып калуу үчүн тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тараптын чырдашуусу, адам өлүмү менен аяктаган атышуу кайталанып турат.

Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM