Биз менен байланышыңыз

Баатырбеков: Реанимациялык жана операциялык бөлүмдөрдө жарык өчпөшү керек

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 377 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков күз-кыш мезгилиндеги жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ал ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемени жылытуу сезонуна даярдоону, биринчи кезекте саламаттык сактоо мекемелерин даярдоону тапшырды.

«Коронавирус инфекциясынын айтылып жаткан экинчи толкунуна даяр болуп, бардык социалдык мекемелер, анын ичинде ооруканалар жана бейтапканалар жылуулук менен камсыздалышы керек. Өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясын берүүнүн кошумча булагы менен камсыздалсын. Көмүр жана мазут менен камсыз кылууда маселе жаралбаш керек«, -деди Баатырбеков.

Муну менен катар облус жетекчилери аймагындагы жылытуу мезгилине даярдык иштерине жооп берет. Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM