Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан сакайган адам кайра оорубайт

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 7064 | 0

Коронавирус инфекциясынан дарыланып, айыккан адамда иммунитет пайда болот. Ал адам экинчи жолу ооруп калары далилденген эмес. Ошондуктан иммунитет көпкө чейин сакталарын дүйнөдөгү алдыңкы адистер айтып жатышат. Бул тууралуу пульмонолог, профессор Талант Сооронбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде кабарлады.

Коронавирус инфекциясы менен ооруп айыккан адамдар кайрадан ооруп калабыз деп чочулабашы керек. Айыккан адамдан вирус башкаларга да жукпайт. Ошол эле учурда үйүнө чыгарылгандан кийин да вирустун бир канча белгиси эки айга чейин сакталышы мүмкүн:

«Мисалы, бат чарчаганы, дем алуусунун оордугу, төш тараптагы ооруксунуу белгилери. Бул коронавирус дагы пайда болду, же дагы дарылануу керек дегенди билдирбейт, болгону организмдин калыбына келүүсү узагыраак болот. Кээ бир белгилери күчөп кетсе гана үй-бүлөлүк дарыгерлер менен кеңешүү керек».

Сооронбаевдин айтымында, коронавирустан айыгып, үйүнө чыккан кээ бир адамдарда өпкө же жүрөк оорусунун белгилери сезилиши мүмкүн. Ал боюнча тармактуу адистерге кайрылып, кеңеш алыш керек.

«Пневмониядан айыккандар рентгенге же томографияга түшүп, өпкөсүндө тактар калып калганын көрүп чочулашат. Бирок ага сарсанаа болуунун кереги жок. Себеби өпкөдөгү тактар 6 айга чейин жоголбошу мүмкүн. Өпкөнүн кан тамырларындагы өзгөрүүлөр бат эле жоголуп кетпейт, эгер катуу тынчсыздануу болсо гана кеңеш алуу керек».

Пульмонолог ошондой эле, коронавирустан сакайгандан кийин да ар кандай дарылоо ыкмаларынан алыс болууга чакырат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруп, сакайгандар эске ала турчу «5 кадам реабилитациялоо» программасын бекитти.

Ал дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде белгилүү адистер менен биргеликте иштелип чыкты. Негизги максаты — адамдын мурунку күч-кубатын, психологиялык, социалдык абалын кайра калыбына келтирүү болуп эсептелет.

1-кадам — коронавирус менен ооругандарга психологиялык жактан жардам, үй-бүлөнүн колдоосу, кесиптештеринин колдоосу ж.б.

2-кадам — сергек жашоого өтүү, айрыкча тамеки чегүү, насыбай тартуу, алкоголдук ичимдиктерин ичүү адаттарын таштоо керек;

3-кадам — физикалык жактан активдүү болуу, таза абада көп басуу;

4-кадам — дем алуу гимнастикаларын жасоо, өпкөнү калыбына келтирүү;

5-кадам — эгер адам демигип, кычкылтек жетишпесе, үй шартында кислороддук аппараттарды колдонуу.

Мындан тышкары, коронавирустан айыккан адамдар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Себеби зарыл болгон учурда, оор акыбал учурда дарыгердин көзөмөлү керек болот.

Copyright © 2017 Maral FM