Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 425 адамдан коронавирус чыкты, 9 адам каза болду

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 396 | 0

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы бир суткада 9 бейтап каза болду. Анын ичинде Бишкек – 4, Ысык-Көл облусу – 1, Ош облусу – 1, Баткен облусу – 1, Нарын облусу – 1 учур.

Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны бир миң төрт жүз алтымышка жетти.

Өлкөдө акыркы сутка ичинде коронавирустун жаңы 425 учуру катталды. Алардын ичинен Бишкек шаарында — 124, Ош – 31, Чүй облусу – 36, Ош облусу — 47, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 41, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу — 45 учур.

Өлкөгө бул вирус келгенден бери жалпы 39 миң 587 учур катталды.

Акыркы бир сутка ичинде 517 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны — 31 миң 280 адам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM