Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда буудайдын 62 пайызы жыйналып бүттү

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 358 | 0

Кыргызстанда буудайдын 62 пайызы орулуп бүттү. Бул тууралуу брифингде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кабарлады.

Быйыл 247,5 миң гектар жерге буудай себилген, анын 62 пайызы жыйналып бүттү. Былтыр республика боюнча 601 миң тонна бункердик салмакта буудай өстүрүлгөн. Быйыл буудайдан 680 миң тоннага чейин түшүм алуу күтүлүүдө.

«Түштүк аймакта, Талас жана Чүй облустарында түшүм 68-80 пайызга чейин жыйналып бүттү. Эми Ысык-Көл, Нарын облустарында буудайды оруп-жыйноо иштери жүргүзүлөт. Бул облустарда да түшүмдүүлүк жакшы болот деген ишеничтебиз«, — деп билдирди министр.

Быйыл буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң гектарга көп болду. Арпанын себилиши 11,2 миң га көп болгон.

Министрдин айтымында, өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген насыялар гранттык түрдө берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM