Биз менен байланышыңыз

Жарандардын даттануусу боюнча 10 салыкчы жазаланды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 386 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы менен 10 кызматкерди жазалап, салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкерди административдик жазага тартты.

Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 даттануу келип түшкөн. Анын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин иш аракеттерине байланыштуу болсо, 16сы ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5  сөгүш, 2  эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары, бир даттануу боюнча материалдар ИИМге өткөрүлүп берилди.

Жарандар салыкчылардын иштерине гана эмес, салык мыйзамдарын бузуу менен иш жүргүзүп жаткан ишкерлерге карата да даттанса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM