Биз менен байланышыңыз

БШК “Чоң казат” саясий партиясына эскертүү берди

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 417 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы “Чоң казат” саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүт тартибин жана шартын бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

БШКнын жумушчу тобу “Чоң казат” партиясынын Facebook, YouTube жана Instagram социалдык тармактарында тараган видеоматериалдарында шайлоо алдындагы үгүт боюнча бир катар мыйзам бузуулар бар экендигин аныктаган.

Партияга шайлоолор жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн бузууларды эки күн ичинде четтетүү жана жасалган иш-чаралар боюнча  БШКга маалымат берүү тапшырылды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. Ага катышуу үчүн 43 саясий партия катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM