Биз менен байланышыңыз

Түркия жана БАЭ менен туруктуу эл аралык каттамдар жанданды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 450 | 0

7-августтан тарта Кыргызстан Түркия жана Бириккен Арап Эмираттары менен туруктуу эл аралык каттамдарды жандантты. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

«Авиа Трафик Компани» авиакомпаниясы жумасына эки жолу Бишкек − Стамбул− Бишкек багыты боюнча учууларды ишке ашырат. Ошондой эле Бишкек− Анталья багыты боюнча жумасына бир жолу каттам аткарылат.

Ал эми “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы бир аптада эки жолу Стамбул− Бишкек− Стамбул багыты боюнча учат.

“Пегасус” менен Стамбул− Бишкек− Стамбул каттамы жумасына эки жолу аткарылат.

Бириккен Арап Эмираттарына уча турган каттамдар боюнча айтсак, «ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай — Бишкек — Дубай багыты боюнча жумасына бир жолу каттам аткарат.

Кененирээк маалыматтарды авиакомпаниялардын сайтынан алууга болот.

Транспорт жана жолдор министрлиги, Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Орусия, Түркия, Казакстан, БАЭ жана башка мамлекеттер менен туруктуу каттамдарды кайра жандандыруу маселесин иштеп чыкты.

Түркия жана БАЭ макулдугун берди. Ал эми Казкстан жана Орусия менен чартердик каттамдарды август айынын аягына чейин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM