Биз менен байланышыңыз

Дарбыз жөнүндө сиз билбеген фактылар

Блог , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 3943 | 1

Дарбыз суусунду гана кандырбастан, ден-соолукка да пайдалуу.

Курамы

Дарбыз курамына A, C, E, B витаминдерин, магний, калий, кальций, фосфор, темир жана натрийди камтыйт.

Дарбыз антиоксидант болуп саналгандыктан, ликопинге, ниацинге, тиаминге бай. 100 г дарбыз 38 калорияга ээ.

Пайдасы 

  • Дарбыз ширеси организмди токсиндерден арылтып, бөйрөк жана боорду тазалайт. Денедеги холестериндин көлөмүн азайтат.
  • Андагы фолий кислотасы териге жана чачка оң таасир тийгизип, тамак сиңирүү системасын жакшыртат. Ошону менен катар зат алмашуу ишине оң таасир этет.
  • Карылык процесси жайлайт, рактын алдын алат.
  • 100 грамм продукт организмдин магнийге болгон муктаждыгын 60 пайызга  толтурат. Бул жүрөк-кан тамыр системасы үчүн пайдалуу болгон башка заттарды сиңирүүгө жардам берет.
  • Стресстен коргойт, бакыт гормондорунун өндүрүлүшүн камсыздайт.
  • Көздүн көрүүсүн жакшыртат, иммунитетти чыңдайт.
  • Диетада пайдалуу, анткени дарбыз ачкачылык сезимин нейтралдаштырат, арыктоого жардам берет.

Качан жана кантип керектөө керек?

Дарбызды көп жегенде, заара баштыгында ыңгайсыздык пайда болот. Тамактангандан кийин дароо дарбыз жеген туура эмес, ал ичеги-карындын бузулушуна алып келет.

Дарбыздын данектери жана кабыгы микробдордун көбөйүшү үчүн жакшы шарт. Ошондуктан аны кесилген абалда узак убакытка сактоо, кесилген дарбыз сатып алуу сунушталбайт.

Жасалма шарттарда, тездетилген ыкма менен өстүрүлгөн дарбыздарды тандап алуу оңой эмес. Себеби, бул учурда продукт азот жер семирткичтери менен каныккан болот. Денеге киргенде алар нитриттерге айланат да, жүрөк-кан тамыр ооруларына себеп болуп, дем алуу жана заара жолдорунда көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал.

Кимдерге жегенге болбойт?

  • Заара жолунун оорулары (бөйрөк таштары), диарея, метеоризм, ашказан астындагы безде көйгөйлөрү бар адамдар дарбызды этияттык менен жеши керек.
  • Алсак, кант диабетине чалдыккандар дарбызды керектөө нормасын эстен чыгарбашы керек. Дарбыз кандагы глюкозанын деңгээлин кыска убакытка көтөрөт.
  • Эки жашка чейинки балдарга дарбыз бербөө сунушталат. Анткени аларда аллергияга алып келиши мүмкүн. 2-3 жаштагы балдар үчүн күнүмдүк дарбыздын көлөмү 80-100 граммдан, 3-6 жаштагы балдар үчүн — 150 граммдан ашпашы керек.
  • Дарбыз кош бойлуу аялдарга да пайдалуу. Андагы В9 витамини түйүлдүктүн нерв системасын түзүүгө оң таасир этет. Эмизүү учурунда ченеми менен колдонулган дарбыз энеде сүт өндүрүүнү көбөйтөт. Бирок ашкере керектөө метеоризмге алып келиши мүмкүн.
  • Дарбызды эртең менен же башка тамактардан өзүнчө пайдалануу керек.

Дарбыз тандоону үйрөнүңүз

  • Жаракат алган же атайылап кесилген дарбызды сатып албаңыз. Жогоруда айтылгандай, мындай дарбыздар микробдордун көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөт.
  • Жакшы бышкан дарбыздын «куйругу» кургак, капталында ачык-сары тактар ​​бар. Тилкелеринин түсүндө контраст жогору.
  • Дарбыздын кабыгынан эч кандай жыт чыкпаса, анда ал бышкан дарбыз. Чөптүн жыты келсе, анда ал дарбыз дагы эле чийки болот.
  • Табигый шартта өстүрүлгөн дарбызды өзөгүнөн билүүгө болот. Продукциянын өзөгүн сууга батырып көрүңүз, эгерде суу кызгылт же ачык кызыл болсо, анда курамында нитриттер көп. Азык таза болсо, суунун түсү өзгөрбөшү керек.
  • Ошондой эле, табигый жол менен өстүрүлгөн дарбыздын өзөгүндөгү «чачтар» ак түстө болот.
  • Дарбыздын көлөмүнө келсек, орто көлөмдөгү, 5-7 килограмдагы азык тандап алуу сунушталат.

1 пикир

1 пикир

  1. Арген

    29.06.2021 13:42

    Пайдалуу,сонун кенештер. Дарбыздын экалогиялык жол менен остурулгон туру Базар-Коргон районунун Акман айылында ондурулот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM