Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкекте акыркы суткада өлүм учуру катталган жок

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 1140 | 1

7-августка карата Бишкек шаарында коронавирус жугузуп алгандар арасында өлүм учуру катталган жок. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акыркы бир суткада коронавирус менен дарыланып жаткандар арасында жалпы 4 өлүм  катталды. Алар Ош облусу боюнча – 1 учур, Жалал-Абад облусунда – 1,  Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 учур.

Кыргызстанда пандемия  башталгандан бери 1451 киши коронавирустан каза болду.

COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны жалпы 39 162 учурга жетти. Айыгып чыккандар – 30 миң 764 адам.

1 пикир

1 пикир

  1. Авазкан

    08.08.2020 22:10

    Жакшы жанылык! Мектептер ачылса жакшы бросок Ата энелерге оор болот экен онлайн дегени.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM