Биз менен байланышыңыз

Орусиядан дагы 2456 кыргызстандык келди

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 412 | 0

7-августта Орусиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2456 кыргызстандык мекенине кайтып келишти.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казакcтанга кирүү чектелгенин эске салат. Орусиянын аймагындагы кыргыз жарандарын Орусия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен орус-казак мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM