Биз менен байланышыңыз

Бүгүн футбол боюнча беттештер башталат

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2020 | 361 | 0

Бүгүн, 7-августта Кант шаарында футбол боюнча Шоро премьер лигасы жанданып, “Алай” менен “Абдыш-Ата” жана “Кара-Балта” — “Илбирс” командалары беттешет.

Эки айлампанын биринчиси август айынын аягына чейин жыйынтыкталып, жалпы турнир сентябрдын этегинде аяктайт.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин чечими менен Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алып, турнирди эки айлампа менен өткөрмөй болгон.

Турнир коронавирус инфекциясына байланыштуу күйөрмансыз өтөт. Беттешти “Кыргыз Спорт ТВ” каналы түз эфирде көрсөтөт. Бул кабарды Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Асаналиев “Марал” радиосуна ырастады.

Анын айтымында, буга чейин “Лидер чемпион” командасы мелдештен четтетилген. Ал эми азыркы учурда турнирге катышкан командалардын жалпы саны — 8.

Эске салсак, бул турнир буга чейин жыл башында старт алып, төрт команданын беттешүүсүнөн кийин эпидемиологиялык абалга байланыштуу токтотулган. Беттештерде “Дордой” футболдук командасы “Нефтчини” 2-1 эсеби менен жеңип алса, “Каганат” — “Алга” командалары тең чыккан.

Кыргызстанда Шоро премьер лигасы тайпалык баскычтар менен  өтүп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM