Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө кире бериштеги эки пост алынды

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 717 | 0

Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттору алынды. Мындай чечим облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек. Алар буга чейин кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен.

«Эгер постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, — дейт Түлөбаев.

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун маалымат жыйында айтканына таянсак, Ысык-Көл облусуна жайкы эс алуу үчүн баргандардын саны кескин көбөйдү. Быйыл июнь айында облуска барган эс алуучулардын саны 3 миңдин тегереги болсо, июлдун 20 күнүндө эс алуучулардын саны 10 миңге жеткен.

Ушул күндөрү Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон сакталууда.

Copyright © 2017 Maral FM