Биз менен байланышыңыз

Дистанттык окуу: «Санарип мугалим» бир айлыгы жарыяланды

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 2672 | 0

5-августтан 25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлиги «Санарип мугалим» бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу, учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык билим берүү уюмдарында «Санарип мугалим» бир айлыгы жарыяланууда.

Анын алкагында педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу, онлайн сабактарды, видео сабактарды, окутуу видео материалдарын даярдоо, мультимедиялык технологияларды колдонууга, окуучулар жана ата-энелер менен кайтарым байланыш уюштурууга арналган вебинарлар өткөрүлүүдө.

Ар бир региондо педогогдор үчүн үй тапшырмаларынын көлөмүн аныктоо, аны баалоо, WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE платформаларын колдонуу менен аралыктан окутуу формасында ата-энелер менен иштешүү боюнча окутуу семинарлары да өткөрүлөт.

Ошондой эле 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык «Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу» модулу иштелип чыгып, окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режиминде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM