Биз менен байланышыңыз

Мектептерде окутуунун форматы 10-августка чейин чечилет

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 264 | 0

Быйылкы окуу жылын салттуу же дистанттык түрдө баштоо маселеси 10-августка чейин чечилет. Учурда өлкө боюнча ар бир мектепте мониторинг өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйынында кабарлады.

Август айында балдарды 1-класска кабыл алуу иштери толук аяктайт. Бардык аймактардагы мектептер санитардык-эпидемиологиялык кызматтар менен бирге тийиштүү сунуштарды даярдап жатышат.

«Өлкөдөгү ар бир мектеп окутууну салттуу же дистанттык түрдө баштоосу боюнча өз сунуштарын министрликке билдириши керек. Алардын негиздемесинде окуучулардын так саны, мектептердин тизмеси камтылып, 10-августка чейин министрликке жөнөтүлүшү керек. Учурда ата-энелерге санитардык эрежелерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат«, -деди Омуров.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын телевизор, уюлдук телефон менен камсыздоо боюнча жергиликтүү органдар демөөрчүлөр менен бирге иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM