Connect with us

6-августта күндүн табы 38 градуска чейин жогорулайт

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 447 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM