Connect with us

Мэрия: Бишкектеги мектептерде окутуу онлайн башталат

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 533 | 0

Бишкектеги мектептерде окутуу онлайн башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбордо өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат. Ал эми биринчи класстын окуучулары боюнча маселе талкууланып жатат, ушул ай ичинде чечилет.

“Коронавирустун жайылуу коркунучу бар, ошондуктан Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштоо чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө биринчи класстын окуучулары боюнча маселе талкууланууда. Ата-энелер буга тынчсызданууда, анткени балдар азырынча мектеп процесстерине көнгөн эмес. Министрликтин алдында эксперттик кеңеш түзүлдү. Ал бул маселени талкуулап жана биринчи класстын окуучулары менен кандай иш алып баруу сунуштарын иштеп чыгат. Августтун ортосунда белгилүү болот”, — деди Иманалиева.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM