Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы жети стационар убактылуу жабылды

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 379 | 0

Бишкекте кайрылуулардын саны азайгандыктан, жети стационар убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Алар:

  • «Сейтек» мектебиндеги стационар;
  • №95 мектептеги стационар;
  • №83 мектептеги стационар;
  • №81 мектептеги стационар;
  • №94 мектептеги стационар;
  • «Арал» кафесиндеги стационар;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар.

Жабылган стационарларда бардык медициналык жабдыктар, орундуктар сакталып, дезинфекциядан өткөрүлдү.

«Азырынча калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат, шаар бийлиги кайрылгандардын динамикасына мониторинг жүргүзүп турмакчы«, — деп айтылат маалыматта.

4-августта күндүзгү стационарларга 964 адам кайрылып, 5-августка караган түнү түнкү стационарларга 173 бейтап кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM