Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Орусиядан дагы гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 541 | 0

Кыргызстанга Чечен Республикасы тарабынан 51 млн 41 миң рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Гуманитардык жардам кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлдү.

Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары: коргоочу комбинезондордон — 24 100 даана, үч кабаттуу беткаптан- 24 729 даана, полимердик материалдан жасалган көз айнектен — 5248 даана, бет калкандардан 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттарды берди.

Copyright © 2017 Maral FM