Биз менен байланышыңыз

Токаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 374 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт. Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын», -деп айтылат куттуктоодо.

Токаев бүгүнкү күндө бүт дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигин билдирди. Ошондой эле эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгууга ишеним артты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM