Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт. Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын», -деп айтылат куттуктоодо.
Токаев бүгүнкү күндө бүт дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигин билдирди. Ошондой эле эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгууга ишеним артты.