Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ички дүң өнүмү 5,3 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 413 | 0

2020-жылдын алты айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 5,3 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматты экономика министри Санжар Муканбетов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Экономиканын төмөндөшүнө курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы начар көрсөткүч олуттуу таасир эткен.

Ал эми өнөр жай тармагынын өсүш көрсөткүчтөрү 0,1 пайыз, айыл-чарба тармагынын көрсөткүчтөрү 1, 6 пайызга өстү.

Экономика министри эл аралык уюмдардын божомолдоруна таянып, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 3-10 пайызга төмөндөшү мүмкүн экенин айтты. Ал эми Дүйнөлүк соода уюму дүйнө жүзү боюнча товар алмашуу 30 пайызга кыскара турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM