Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Медиктер июль айынын маянасын толук алышат

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 230 | 0

Бишкектеги медициналык мекемелердин кызматкерлери июль айынын маянасын толук алышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын мааалымат кызматы билдирди.

Күндүзгү жана түнкү стационарлар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритминин негизинде алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда. Вирустук оорулардын белгилери бар шаар тургундарынын саны кыйла азайганы айтылды.

Акыркы суткада күндүзгү стационарларга 1339 адам кайрылган, алардын ичинен 911 жаран дарыгер тарабынан көрсөтүлгөн инфузиялык терапиядан өтүшкөн, 420 адам медициналык кеңеш алышкан, 8 адам ооруканага жаткырылган.

«4-июлдан бери биз 77 миң 94 жаранга жардам бердик. Медициналык персоналдар жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак, мейманкана менен камсыздалган«, — деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык маянасынын суммасы ушул айда 171,3 млн сомду, коронавирустук инфекция менен иштегендиги үчүн компенсациялык төлөмдөр 133,9 млн сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM