Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоо: Күзүндө 700 миңден ашык доза вакцина алынат

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 257 | 0

Күз айларында дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү күчөйт. Буга байланыштуу учурда 11 миңден ашык доза вакцина алууга тендер өткөрүлдү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, быйыл коронавирустун экинчи толкунуна карата 700 миңден ашык доза вакцина сатып алуу пландалды.

«Быйыл дагы 111 миңден ашык вакцина сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишим түзүлдү. Мындан тышкары, пандемияны жана күзүндө боло турган коронавирустун экинчи толкунун эске алып Саламаттык сактоо министрлигине 700 миңден ашык вакцина сатып алууга өтүнүч кат даярдалды. Эмнеге 700 миң, анткени, бат-бат ооругандар, анын ичинде жаш балдар, өнөкөт оорусу болгондор, кош бойлуу аялдар бул ооруну өтө эле оор көтөрүшөт», — деп белгиледи Оторбаева.

Вакцина элге толук жетпегендиктен жеке менчик медициналык борборлорго аны жасоого уруксат берилген. Ал жактан акы төлөп алууга болот.

Быйыл вакцинанын эки түрү алынат — 4 валенттүү жана үч валенттүү. Вакциналар биринчи иретте калктын аялуу катмарына берилет.

Дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү октябрь айынан апрелге чейин созулат. Эң курч кармаган мезгили кышка туура келет.

Былтыркы эпидсезон декабрь айынын 52-жумасынан январь айынын 5-жумасына чейин созулган. Бул ооруга көбүнчө жаш балдар кабылат. Мунун алдын алуу үчүн жыл сайын вакцина сатып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM