Биз менен байланышыңыз

Баатырбеков аймактарда интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну тапшырды

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 415 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, пандемия шартында билим берүү аралыктан өтүп жаткандыктан аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапщырды. Анын айтымында, интернеттин ылдамдыгы төмөн болгондуктан аймактарда окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калып жатат.

«Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат», — деди Баатырбеков.

Бүгүн «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформация концепциясы талкууланды. Анда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Бул багытта аткарылган иштер тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов маалымат берди.

2020-жылдын март айында «Санарип аймак» долбоору 8 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттук түрдө кирген.

Мындан тышкары, «INFODOCS» электрондук документ жүргүзүү жана «e-Kyzmat» адам ресурсун башкаруу тутуму ишке кирүүдө.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында, «Түндүк» электрондук тутумунун каражаты боюнча болжол менен 51 млн транзакция өткөрүлгөн.

Мамлекеттик электрондук тейлөө порталында 191 тейлөө жана сервис жеткиликтүү. Мобилдик тиркемелер аркылуу 90го жакын мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөр жеткиликтүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM