Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги стационарларга 83 миңге жакын адам кайрылган

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 378 | 0

Бишкектеги күндүзгү стационарларга 75 миң 755, түнкү стационарларга 7220 адам кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

28-июлда күндүзгү стационарларга 1753 жаран кайрылган. Анын 1206сы инфузиондук терапиядан өткөн, 534тү медициналык кеңеш алды, 13 бейтап ооруканага жаткырылган.

Ал эми түнкү стационарларга 268 адам кайрылган. Каза болгон учурлар катталган жок.

Шаардагы 13 күндүзгү стационарда 908 орундук, үч түнкү стационарда 265 керебет даярдалган. Ошондой эле ал жерлерде 176 кычкылтек концентратору жана пульсоксиметрлер бар. Медициналык мекемелерде 27 дарыкана иштөөдө.

Стационарларда дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылардан турган топ тиешелүү жардамдарды көрсөтүүдө. Медперсоналдардын баары жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM