Connect with us

Колледждерге кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 445 | 0

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт. Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө.

Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системасында катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. 3-августтан тарта колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат.

Абитуриенттердин коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-6- август күндөрү абитуриенттерге телефон чалып, окуп же окубай турганын аныкташат.

Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM