Биз менен байланышыңыз

Ош: Ишкерлер шаардык ооруканага 100 кишилик кислород станциясын орнотушту

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 607 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери өлкө боюнча “Кайрымдуу ишкер” долбоорун ишке ашырууда. Ар бир аймактын өзгөчөлүгү жана муктаждыгына жараша көйгөйлөр аныкталып, ишкерлердин колдоосу ошол багытка жумшалып жатат.

Аталган долбоордун алкагында Ош шаардык ооруканасына 100 кишиге ылайыктуу кислород станциясы орнотулду. Долбоор Ош JIA тарабынан демилгеленип, ага ассоциациянын мүчөлөрү жана шаар тургундары каржылык жактан колдоо көрсөттү.

“Бул станциянын өзгөчөлүгү – аз каражатка орнотулуп, үзгүлтүксүз иштейт жана кислород менен толтуруу дагы кыйынчылык жаратпайт. Кислород концентраторлоруна салыштырмалуу кыйла арзанга түштү жана 40-50 жыл колдонууга жарактуу” — деди Ош JIA мекемесинин аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу.

“Кайрымдуу ишкер” долбоорунун алкагында 10-июлда Ош шаарында бейтаптар үчүн онлайн кеңеш берүү борбору ачылды. Борборго бүгүнкү күнгө чейин 600дөн ашуун бейтап кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM