Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Түркиядан 323 кыргызстандык келди

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 472 | 0

Бишкекке 29-июлда Түркиядан 323 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.

Мекендештер «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттам менен келишти.

Түркия тарап эл аралык авиакаттамды жандандырып, чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алган. Буга байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргызстанга бул каттам менен АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан мекендештер келишти.

Мекендештерди чет өлкөлөрдөн кайтаруу аракети улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM