Биз менен байланышыңыз

Смартфондор үчүн эң ылдам кубаттагыч иштелип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 459 | 0

Qualcomm компаниясы смартфондор үчүн дүйнөдөгү эң ылдам кубаттагычты сунуш кылды. Бул кубаттагыч менен 4500 ампер-сааттык батарейканы 50 пайызга чейин заряддоо үчүн 5 гана мүнөт кетет.

Qualcomm Quick Charge 5 кубаттагычы Android тутумунда иштеген смартфондор үчүн иштелип чыккан. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылды.

Жаңы кубаттагыч мурунку муундагыдан 4 эсе күчтүү. Аны Snapdragon 865 жана Snapdragon 865+ процессорлорунда иштеген смартфондордун ээлери колдоно алышат.

Quick Charging 5 стандартын колдогон биринчи гаджеттер рынокто 2020-жылдын 3-чейрегинде пайда болору белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM