Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда эки бир тууган кыз изделип жатат

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 1625 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Нурзада Сабырбекова жана 2005-жылы туулган Нурзия Сабырбекова изделип жатат.

Алар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйлөрүнө кетүү үчүн чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.

Учурда милиция бир туугандарды табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165см, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.

Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM