Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавируска каршы вакцинаны сыноонун 3-этабы башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 412 | 0

АКШда коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноолордун жыйынтыктоочу 3-баскычы башталды. Бул баскычта жалпы өлкө боюнча 30 миңге жакын адам катышат.

Сыноолордун 3-баскычын баштоо үчүн АКШнын саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү башкармасы уруксат берген. Бул тууралуу АКШ вице-президенти Майкл Пенс маалым кылды.

-Жалпы АКШ боюнча 89 борбордо клиникалык сыноолордун 3-этабы башталды. Аларда 30 миңге жакын адам катышууда,- деди Пенс. Вакцинаны иштеп чыгып жаткан Moderna фармацевтик компаниясы сыноонун 1-баскычы март айында башталган.

-Вакцина кийинки жылы колдонууга даяр болушу үчүн андан күзгө чейин жүз миллиондоп доза иштеп чыгууну максат кылдык. Учурда америкалыктарды эмдөө үчүн миллиардга жакын ийне сатып алуудабыз,- деп кошумчалады вице-президент.

Конгресс вакцинаны иштеп чыгуу үчүн 10 миллиард доллар бөлгөн.

Учурда АКШ өкмөтү Оксфорд университети менен биргеликте вакцина иштеп чыгып жаткан AstraZeneca британ-швед компаниясына 1,2 млрд доллар, Moderna компаниясына 486 млн доллар жана Johnson & Johnson компаниясына 456 млн доллар бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM