Биз менен байланышыңыз

Шайлоо процессин чагылдыруу жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн жоболору өзгөртүлдү

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 632 | 0

Быйылкы парламенттик шайлоо процессин чагылдыруу жана үгүт иштерин жүргүзүүдө жол-жоболор өзгөртүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Маралдын” түз эфиринде пандемиялык шартка байланыштуу үгүт иштерин жүргүзүүдө массалык маалымат каражаттары жана интернет басылмаларына көбүрөөк аянтча берилерин билдирди.

“Себеби эл өзү шайлай турчу партия мүчөлөрү менен мурдагыдай стадиондорго, маданий мекемелерге чогула албайт. Эгер чогулса, социалдык аралыкты сактап, гигиеналык эрежелерди сакташы керек болот. Пандемия маалында да шайлоону өткөрүү тажрыйбасын үйрөнүү керек. Биз бул багытта башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап жатабыз. Шайлоо өткөрүүдө шайлоочулардын коопсуздугун кантип сактоо керек деген маселеге көңүл буруп жатабыз”, -дейт Бекматов.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 211 массалык маалымат каражаты жана интернет басылмалары кайрылуу билдирген. Анын 210у кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу керектүү чараларды эске алуу менен чыгымдардын толук сметасын түзгөн. Сметада 2462 шайлоо участокторунун, анын ичинде чет өлкөдөгү 42 шайлоо участкаларынын ачылышы эске алынды.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат, 20-августка чейин саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 саясий партия катталган.

16-июлга карата өлкөдө 3 млн 429 миң 43 шайлоочу катталган, бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого караганда 667 миң 446 шайлоочуга көп.

Парламенттик шайлоого кете турчу чыгымдардын сметасы

Copyright © 2017 Maral FM