Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого кете турчу чыгымдардын сметасы

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 509 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун чыгымдарын азайтты. Мекеменин маалымат кызматы кабарлгандай, 2020-жылдын бюджетинде жалпы шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом өлчөмүндө пландалган чыгымдар каралган. Бирок эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен парламенттик шайлоону уюштуруу жана шгайлоо өткөрүүгө кетчү чыгымдар 446 млн 900 миң сом деп бекитилди.

БШК эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу керектүү чараларды эске алуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү. Сметада 2462 шайлоо участокторунун, анын ичинде чет өлкөдөгү 42 шайлоо участкаларынын ачылышы эске алынат.

Эреже катары, бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштейт. Ошондо жалпы шайлоо участкаларынын комиссияларындагы мүчөлөрдүн саны 30 миң 833 киши болот. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо (финансылык кызматкерлер) 650 адамды түзөт.

16-июлга карата өлкөдө 3 млн 429 миң 43 шайлоочу катталган, бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого караганда 667 миң 446 шайлоочуга көп.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM