Биз менен байланышыңыз

30-июль пандемиянын курмандыктарына аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 941 | 0

30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Президенттин айтымында, коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнүнө тиешелүү жарлык жакынкы күндөрдө чыгат.

Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы, — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы, дагы бир ирет каза болгон мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу жүрөгүндө экендигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM