Биз менен байланышыңыз

Өкмөт айыппулдардан түшкөн акчага тез жардам унааларын алат

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 536 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында чогулган акчадан 145 млн сомго тез жардам унааларын алууну тапшырды.

Тийиштүү документтерди даярдоо Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна жүктөлдү.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, «Коопсуз шаар» долбооруна тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөт. Токтомдо 50% акча «медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолушу керек деген талап киргизилген.

Өкмөттүн маалыматында, жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн айыппулдардан жыйналган каражатты ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.

Тез жардам унаалары канчага сатып алынганы айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM