Биз менен байланышыңыз

Бразилия президентинин коронавирус тестинин жыйынтыгы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 432 | 0

Бразилиянын президенти Джейир Болсонарунун коронавируска карата тапшырган үчүнчү тестинин жыйынтыгы оң болуп чыкты. Бул тууралуу G1 порталы президенттик администрацияга шилтеме кылып кабарлады.

-Президент Джейир Болсонарунун ден-соолугу жакшы жана учурда ал медициналык көзөмөлдө. Президенттин 21-июлда берген тестинен анын коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды, — деп айтылат билдирүүдө.

Бразилия лидерине 7-июлда оорунун диагнозу коюлган жана андан бери резиденцияда жалгыз изоляцияда отурат.

Болсонару жекшемби күнү өзүнүн резиденциясында бир нече жүздөгөн жактоочуларын кабыл алган. 65 жаштагы президент Бразилия штаттарында коронавирустун жайылышына каршы чектөө чараларынын алынышын сынга алды.

Март айында Болсонару коронавирусту «кичинекей сасык тумоо» деп атаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM