Биз менен байланышыңыз

АКШ: Жыл соңуна чейин Boeing-737 MAXка учууга тыюу салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 361 | 0

Боинг-737 MAX учактарынын учуусуна 2021-жылдын башына чейин уруксат берилбейт. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын Федералдык авиация администрациясы (FAA) учактын программалык жана техникалык жабдыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурун кызыкдар тараптар менен кеңешүүнү чечкен.

Регулятор Boeing-737 MAX учууларына тыюу салууну октябрь айынын аягынан ноябрдын башына чейин токтото албайт.

Учкучтарды окутуу жана лайнерди техникалык тейлөө декабрь айынын аягында бүтөрү  күтүлүүдө. Андан кийин лайнерлерге учууга уруксат берилет.

Эки учак кулагандан кийин 2019-жылдын март айында дүйнө жүзүндө 737 MAX учактарынын иши токтотулган.

2018-жылдын октябрь айында Индонезиянын Lion Air авиакомпаниясына таандык авиакырсыктан 189 адам каза болгон.

2019-жылдын март айында Ethiopian Airlines авиакомпаниясынын Боинг 737 MAX учагы кыйроого учурап, 157 адам каза тапкан. Кырсыкка учактын программасындагы каталар себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM