Биз менен байланышыңыз

Москва олимпиадасына 40 жыл: Каныбек Осмоналиевди куттукташты

Кыска кабар , Спорт | 22 Июл 2020 | 606 | 0

Быйыл, 21- июль күнү Москвада 1980-жылы өткөн XXII жайкы олимпиадага 40 жыл болду. Буга байланыштуу Москва олимпиадасынын чемпиону, спорт ардагери Каныбек Осмоналиевди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов куттуктады.

Каныбек Осмоналиев Москвадагы олимпиада оюндарынын оор атлетика боюнча чемпиону болгон.

Канат Аманкулов Спорт агенттигинин атынан Каныбек Осмоналиевге спорттук форма тапшырып: «Сиз Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары жерлерде оор атлетика тарыхында из калтырган чыгаан спортчу катары тааныла алдыңыз. Сиз биздин өлкөдө жогорку деңгээлдеги спорттун өнүгүшүнө өз салымыңызды коштуңуз», — деп куттуктады.

Каныбек Осмоналиев учурда 67 жашта. Ал оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. Москва Олимпиадасында болсо 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө 107,5 кг салмак, ал эми түртүп көтөрүүдө 137,5 кг жүк көтөргөн. Жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, ошол учурдагы олимпиадалык рекордду жаңылаган.

Кыргыз спортчусу кесиби боюнча тарыхчы (Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган).

Ушул тапта ал Кыргызстандагы Балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM