Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 1382 | 0

2020-жылдагы Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.

22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы болот.

Курмандык чалынчу малдар

Курмандыкка бодо малдар, тактап айтканда, төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле, жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп, бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашып, чоң болушу зарыл.

Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда, сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал курмандыкка жарайт. Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт.

Изилдөө: Курман айт — Кыргызстанда эң маанилүү майрам

Copyright © 2017 Maral FM