Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Курман айт — Кыргызстанда эң маанилүү майрам

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 1444 | 0

«Курман айт» жана «Орозо айт»  майрамдары кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү майрам болуп калды. Мындай маалымат «Кыргыздын улуттук баалуулуктары жалпы жарандык бирдейликти түзүү фактору» аталышындагы изилдөөдө белгилүү болду.

Респонденттердин 93%ы «Курман айт» майрамын маанилүү деп эсептешет. Ошондой эле, суралгандардын 92,5%ы «Орозо айт» майрамын маанилүү дешет.

Маанилүүлүгү боюнча кийинки орундарда турган майрамдар:

  • «Эгемендүүлүк күнү» -81,1%;
  • Конституция күнү -66,7%;
  • Мамлекеттик тил күнү -66,7%;
  • Нооруз майрамы-56,7%;
  • Калпак күнү — 53,2%;
  • Жаңы жыл майрамы- 37,8 %;
  • 23-февраль жана 8-март — 31,3%,
  • Рождество майрамы  — 18,4%.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында 100дөгөн кишилер сурамжылоодон өтүшкөн. Сурамжылоо 2017-жылдын ноябрынан тартып 2018-жылдын июнь айына чейинки аралыкта өткөрүлгөн.

Сурамжылоонун натыйжалары «Дин тутуу эркиндиги жана демократия боюнча иштиктүү диалог» долбоорунда иш-чарага катышып «International Alert»  жана «Ыйман» коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM