Биз менен байланышыңыз

«Курмандык чалгандар өз үлүшүн муктаждарга берген учур көп болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Авг 2020 | 578 | 0

Быйылкы Курман айтта курмандык чалгандар өз үлүшүн албай, муктаждарга берген учурлар көп болду. Бул тууралуу «Адеп Башаты» диний уюмунун жетекчиси Автандил Жусупбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк менен курмандык чалганда, эттин үлүшүн бир гана өзү сойгон малдан алуу керек деген нерсе жок. Шартка жараша туш келип калганын алса боло берет. Ал эми курмандыкка союлган малдын терисин, этин, шыйрактарын сатууга болбойт, садака катары муктаждарга берилиши керек.

«Бизде кырсыктап, башына балээ келгенде кан чыгарып, түлөө өткөрүү салты бар. Балким ошого жеткирбей алдын ала курмандык чалса… Анткени эт алган жарандар курмандыктын ээсине «кырсык, балээден оолак болсун» деп дуба кылат. Анткени зулумдук көргөн, кедейлердин дубасы көбүрөөк кабыл болору айтылат», — дейт Жусупбеков.

Ал белгилегендей, курмандык жөн гана мал союп, кан чыгарып коюу эмес, ал — мусулмандын мойнуна жүктөлгөн ибадат. Аны аткарууда ниет — маанилүү.

«Мал союунун ордуна, ага кете турган акчаны муктаждарга таратып койсок, анда курмандык чалуу милдети аткарылбайт, жөн гана садака катары эсептелет. Курмандыктын эттери бир адамга эмес, бир нече адамга таратылса дагы да жакшы болот. Ошол эле учурда, мусулман эместерге берүүгө да болот», — дейт Жусупбеков.

Copyright © 2017 Maral FM