Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Жогорку Кеңеш курмандыкка чабылышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 838 | 0

Эл өкүлдөрү тез арада шайлоо кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Бул парламенттик шайлоонун жакындап жатканынын кабар берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биз 5 сунуш берсек, бирин да колдошкон жок. Босого балды 5%га түшүрүүнү колдобой, №2 формасындагы арызды кабыл алышкан жок. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкер кайсы бир партиянын тизмесине кирсе, кызматтан толук кетсин деген сунушту да колдошкон жок. Ошондуктан шашылыш тепмти көрүп, эгерде күзүндө кырдаал оор болуп, экономикалык абал начарлап кетсе, Жогорку Кеңеш курмандыкка чабылышы мүмкүн деген ой пайда болот», — дейт Масалиев.

Анын айтымында, эгерде кезексиз парламенттик шайлоо болсо, анда 5% босого балл менен ЖКга 7-8 партия келсе көчөдө ызы-чуу болбойт. Ал эми 2 партия гана күчкө салынып келсе, ал парламенттин келечеги кыска жана аброю төмөн болот.

«Мен байкап жатам, ошондой коркунучтар болууда. Эртең аянтка эч чогулуп парламенттин таркашын талап кылса, көпчүлүк эл өкүлдөрү арыз жазып кетпейт деп кепилдик бере албайм. Анткени жан керек», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM